“Тазалык” ишканасынын кызматкерлери борбор калаадагы Лев Толстой, Байтик баатыр жана Фучик көчөлөрү менен Түштүк магистраль жолундагы жер алдындагы өтмөктөрдү оңдоп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте жалпысынан 11 жер алдындагы өтмөк бар. Жакынкы аралыкта жер алдындагы өтмөктүн баары тазаланып, жарык бериле турганы маалыматта айтылган.