SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жакшы көрбөйм, бирок сени менен бирге турмуш жолуна аттанууга макулмун" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Жакшы көрбөсөң, бирөөнүн кызын кыйнап не кыласың? Жакшы көргөнүңдү, көңүлүңдөгү кызды ал".
"Сүйүп-күйүп деле үйлөнүп, анан ажырашып кеткендер канча? Сүйүү башка, үй-бүлө башка болот. Балалуу болсоңор, жашоо өз нугунда улана берет".
"Сүйүү болбосо деле бири-бирине көнүп, жашап кеткен үй-бүлөлөр бар".
"Эркек киши жашап кетүү үчүн бир аз болсо да сезим керек, ал эми аял кишилер балалуу болгондон кийин жашап кете беришет. Эч болбосо бала үчүн".
"Сүйүү сезимдери келбеген маалда дагы көнүп кеткендер болот".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.