Бишкектеги №64-мектеп-гимназиясынын окуучусу мугалимдердин басынтканына чыдабай, жүрүп келе жаткан унаанын алдына боюн таштаган. Аны класс жетекчиси, тарых мугалими жана физика мугалими басынтышкан. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуяны баяндаган кат 26-майда келип түшкөн. Ал эми окуя 25-майда болгон. Мектеп окуучусу учурда алган жаракатынан улам шаардык №6-ооруканада дарыланууда.
"Физика, тарых сабактарынан берген мугалимдер жана окуучунун класс жетекчиси аны басынтышкан. Алар кыздын айылдан келгенин баса белгилеп, "эч нерсе түшүнбөйсүң, сендейлер Бишкекте көп" дешип, чейрекке "2" деген баа коёбуз дешкен. Жыйынтыгында кыз буга чыдабай өз жанын кыйганга аракет кылган", - деп жазылат маалыматта.
Бул кат учурда акыйкатчынын жеке көзөмөлүндө.