1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор 2016-жылдын 1-сентябрынан баштап жараксыз болот

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы өкмөттүн "1994-жылкы үлгүдөгү паспортторун 2016-жылдын 1-сентябрынан баштап жараксыз кылуу" тууралуу токтомунун долбоорун иштеп чыкканы жатат. Бул тууралуу аталган кызмат бүгүн, 30-майда билдирди.

Бул демилге ушул күздө өлкөнүн бардык аймагында өтө турган шаардык жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого байланышкан. Шайлоо мыйзамындагы акыркы өзгөрүүлөрүгө ылайык, шайлоого ID-картасы барлар жана биометрикалык каттоодон өткөндөр гана катыша алышат. 27-мартта жана 15-майда өткөн шайлоодо 1994-жылкы паспорттору бар 500дөн ашуун жаран шайлоого киргизилген эмес. Учурда өлкө боюнча 1994-жылкы паспортторго болжол менен 10 миңдей жаран ээ. Эл аралык жарандык авиация уюмунун талаптарына ылайык, бул паспорттор менен 2015-жылдын 24-ноябрынан тарта чет өлкөлөргө учууга мүмкүн эмес.

Мамлекеттик каттоо кызматы 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторго ээ болгон 60 жаштагы жарандарга паспортторго бекер алмаштырып берүүнү улантууда. Ал үчүн алар каттоосу боюнча паспорттук бөлүмдөргө кайрылышы зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Istafm2016
2016-05-30 22:04:27
кандайча 1994- жылкы улгусундогу тушунбодум?
0
Kroxa
2016-05-30 23:22:43
Istafm2016,биринчи кыргыз Кок паспорту 1994ж берилген...
0
minchynar
2016-05-31 00:34:13
Емнеге андай имина 94 чу жылкылар
-3
nelli
2016-05-31 11:44:40
minchynar,биринчи окусанар тушунуктуу болуп жазылып турат. 94-ж чыгарылган алгачкы кок паспорттор. Id кард чыга электе ушул паспорттор берилчу. Азыр деле копчулук жарандарда бар, айрыкча пенсияга чыккан чон ата, чон энелерибизде коп. 1994-жылы торолгондордун тиешеси жок кыжаалат болбо.
0
munara.11.
2016-05-31 07:56:09
ал илгерки паспортда.чон ата чон апаларда гана бар болуш керек загранга окшогон китеп сыяктуу жылтыраган бир картонго откудо дептирда
0
akyn-jurogu
2016-05-31 09:00:22
Мен баргыча тезирээк жарактуу кылып койгула!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан