Аламүдүн районунда жоголгон наристелерди табууда активдүү аракет кылгандыгы үчүн милиция кызматкерлери сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Чүй облустук ИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Ак-Жар айылынын жашоочусу 2 жаштан 5 жашка чейинки 3 бала жоголгону боюнча арыз менен кайрылган. Издөө иштеринин алкагында жоголгон балдар Аламүдүн суу сактагычынын жанынан табылган. Табылган наристелер өз ата-энелерине өткөрүлүп берилген.
Ыкчам иликтөө аракеттери үчүн Чүй ОИИББинин үч кызматкери Ардак грамота менен сыйланды.