2016-жылдын 1-кварталында жашы жете элек жатып жумушка тартылган 132 бала аныкталып, каттоого алынды. Алардын 103ү базарларда иштесе, калганы өнөр жай тармагында иштеп келген. Бул тууралуу КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Жылдыз Полотова бул тууралуу маалымат берип, төмөнкүлөрдү кошумчалайт: "Эмгекке, жумуш жасоого үйрөтүү менен анын күчүн пайдалануунун айырмасы чоң. Ата-энелерге көмөктөшүү жакшы көрүнүш, бирок баланын саламаттыгына залал келтире турган оор жумуштарды жасатуу мыйзамга туура келбейт".