Бишкекте борбордук китепканалар арасында "Мыкты китепканачы-2016" сынагы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
Иш-чарага борбор шаардагы китепканаларда иштеген айымдар катышып, "Саламдашуу", "Келечектеги китепкана", "Кесип тууралуу...", "Дасторкон ажары", "Чилистен китепканачы", "Биздин таланттар" тапшырмалары жана мода номерлери боюнча күч сынашты.
Калыстар тобунун чечими менен баш байгени Бактыбек кызы Чолпон (№21-китепкана) алды. 1-орунга Кубатбек кызы Гүлзада (№1-китепкана), 2-орунга Нуркыз Азаматова (№2-китепкана), 3-орунга Айгерим Өмүрбекова (Борбордук китепкана системинин чет элдик адабияттар бөлүмү) менен Бахияна Жоробекова (№13-китепкана) татыктуу болду. Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлуу белектер тапшырылды. Мындай иш-чаранын максаты китепканачылардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.