Кадамжайда жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга жардамдар берилип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжайда жаратылыш кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөлөргө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын жардам катарында которушту. Мындан сырткары Социалдык өнүгүү министрлиги ылай баскан короолорду тазалоого көмөк көрсөтүүдө.
"Кыйын мезгилде мекендештерге кайдыгер карабайбыз, жабыркагандарга жардам болсун деп бир күндүк эмгек акыбызды котордук", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Кадамжай районунун бир катар айылдарында 27-майда катуу сел жүрүп, 1 автоунаанын ичинде бараткан 6 адамдын бешөөсү каза тапкан. Мындан сырткары 15 автоунааны майда таш басып, жабыркаган.