Улуу британиялык жаран 24 саатта 12 өлкөдө болуп, рекорд жаратты

Улуу британиялык жаран 24 саат аралыгында 12 өлкөдө болууга жетишкен. Бул жаңы дүйнөлүк рекорд болуп эсептелинет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.

Улуу Британиянын Лидс шаарынын жашоочусу Адам Лейтон учакта, поездде жана автобуста саякаттаган. Акыркы 4 чакырым аралыкта чуркап, эң акыркы чек араны 24 саат бүтөргө 7 мүнөт калганда кесип өтүүгө үлгүргөн.

Лейтон саякаттоосун Германиядан баштаган. Франция, Бельгия, Люксембург, Нидерланды, Дания, Швеция, Польша, Словакия, Чехия, Венгрия жана Австрия өлкөлөрүндө болгон. Эми ал "Гиннесстин рекорддор китебинен" "рекорд койду" деген расмий тастыктаманы күтүп жатат. Мындан сырткары ал саякаттоо менен бирге кайрымдуулук иш-чарасына акча каражатын топтоого жетишкен.

Айта кетсек, мындан мурунку жетишкендик - бир суткада 11 өлкөдө болгон учур 1993-жылы катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
yrchy_jigit
2016-05-31 11:54:00
Азамат!!!
0
Isken.der
2016-05-31 13:05:33
Жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан