1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата эртең Нарын шаардык мэриясы чоң программадагы иш-чара өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Нарын шаардык мэриясынан кабарлады.
Майрамдык иш-чара Нарын шаарынын “Алма-Бак” сейил багында саат 10:00дө башталат. Кичинекей бөбөктөргө таланттуу балдардын концерти тартууланып, жомок, мультфильм көрсөтүлүп, асфальтка сүрөт тартуу сынагы өтөт. Ошондой эле майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө майрам ээлерине мэрия жана башка демөөрчүлөр тарабынан бекер балмуздактар таратылат.