Быйыл өлкөдө балдарды сатуу боюнча 6 кылмыш иши козголгон

1-Июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата "Балдарды сатуу - коомчулуктун көйгөйү" аталышында Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүк эмес уюмдар, тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер жана ИИМдин кызматкерлери катышкан тегерек стол өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдардын укуктары бузулуп, сатылып жатканына жалпы коомчулук каршы туруп күрөшүү зарыл экендиги айтылды.

"2014-жылы өлкөдө балдарды сатуу боюнча 10 кылмыш иши козголсо, 2015-жылы 4 ай аралыгында 18 факт катталган. Ал эми 2016-жылдын алгачкы айларынан ушул күнгө чейин 6 кылмыш иши козголгон", - деп билдирди ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Саламат Адылов.

Тегерек столдо адамдарды сатууга каршы чараларды көрүү үчүн атайын башкармалык түзүлгөнү да маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан