Бишкекте 13 жаштагы кыздар интимдик кызмат көрсөткөн фактылар бар

Бүгүн, 31-майда Балдарды коргоо күнүнө карата "Балдарды сатуу - коомчулуктун көйгөйү" аталышындагы тегерек столдо Бишкекте 13 жаштагы кыздардын интимдик кызматын көрсөткөн фактылар катталганын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Саламат Адылов билдирди.

"Кызын окутуу үчүн Бишкекте жашаган курбусуна телефон чалып жардам сураса, кийин ал аял кызды сойкулукка тартканы белгилүү болгон. Ал сойкулук менен бир жыл алектенген. Бишкекте 13 жаштагы кыздар да интимдик кызматын көрсөткөн фактылар бар. Алардын көбү үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн болуп, өз жанын кыюу менен коркутушкандыктан, кылмыш иштери козголгон эмес. Биз болгону профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, коё берүүгө аргасыз болгонбуз", - дейт Адылов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
alisherchik
2016-05-31 15:37:47
Kudai saktaa kaida baratabyz
+3
Erl017
2016-05-31 15:39:39
бул чындык, ачуу чындык !!
+6
alisherchik
2016-05-31 15:44:46
Келечегибиз кандай болот? Генофондубуз эмне болот?
Булар кандай эне болот???
+6
ere
2016-05-31 16:13:34
келечекти элестетуу мумкун эмес болуп баратат!
+1
bekiw.801
2016-05-31 16:28:45
Коомубуз аябай бузулду. Биздин бул коомдо тап-таза адам деле тез эле бузулуп кетет... Жакшылык эмес жамандык кылганыбыз менен мактанган коом.
+3
Malik92
2016-06-01 00:31:48
bekiw.801,Коом бизди бузуп жаткан жок,биз адамдар коомду бузуп жатабыз.
0
bek040295
2016-05-31 16:29:42
Ар бир ата эне баласына жаштайынан жакшы тарбия берсе уйбулоосуно болгон жоопкерчиликти сезе билгенда мындай иштер коп болбойт бэле тарбиянын жакшы эместиги
0
LEGENDA.
2016-05-31 20:54:04
Ошол кыздар жалаң депутат, министирлердин сауналарында иштээри анык.
0
Rifle_3
2016-05-31 22:40:46
Ошол депутаттардын бир баласы саунага барып, кыздарды чакыртса карындашы келгенин башка интернет барактарынан окуган элем. Үлгүлүү үй-бүлө деп туурп эле жазган.
-1
RaHat19
2016-05-31 21:27:13
баарыбызда кыз бар эми ошол жашы жетелек кызды бузган айбандарда чон куноо бар.
+1
bobi
2016-05-31 22:26:44
Эркектердин кандай дити барат? Ошол эркектерде эже карындаш, кыз деген жокпу? Эркектер эле барбай койсо товары өтпөй, башка жумуш издеп баштайт го Чубак ажы айтмакчы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан