"Мындан сырткары Мамедова аттуу жарандын кызын алдоо жолу менен Казакстанга сойкулук менен алектенүүгө сатып жиберишкени аныкталган. Өлкөдө мындай мисалдар өтө көп болуп жатат", - деди С.Адылов.
Кочкор районунда ымыркайды бир койго сатып жиберишкен фактылар катталган. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Бишкекте өтүп жаткан адам сатуулар жөнүндө өткөн тегерек столдо ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Саламат Адылов билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы Кочкор районунун Чолпон айылында жаңы төрөлгөн ымыркайды бир койго сатып жиберишкен. ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Саламат Адыловдун айтымында, 2013-жылы өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын 25 миң сомго саткан Ш.А. аттуу аял кармалган.
"Мындан сырткары Мамедова аттуу жарандын кызын алдоо жолу менен Казакстанга сойкулук менен алектенүүгө сатып жиберишкени аныкталган. Өлкөдө мындай мисалдар өтө көп болуп жатат", - деди С.Адылов.