Бишкекте эртең Балдар күнүнө карата атайын иш-чаралар өткөрүлөт

1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата эртең Бишкек шаардык мэриясы 25 миң баланы камтый турган чоң иш-чараларды өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, саат 10:00дө "Сейтек" балдар борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 600 бала үчүн концерттик маанай тартууланып, аларга таттуулар таратылат. Ошондой эле 10:30да борбордун эски аянтында жана Эмен сейил багында, Абдумомунов-Раззаков-Пушкин-Тыныстанов көчөлөрүнүн төрт бурчтугунда балдарга арналган "Балалык майрамы" аттуу иш-чара уюштурулат.

"Россия" кинотеатрында жана Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрында балдардын өнөрүнө арналган маданий иш-чаралар, А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада окуучулардын изилдөө долбоорунун көргөзмөсү болот. Ал эми Эмен сейил багында "Жылдыздар балдарга китеп окуп беришет" аянтчасы иштеп турат.

Саат 10:00дө Ататүрк атындагы сейил багында балдарга карата концерт уюштурулуп, "Эр жигит", "Жаш спортчу" сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланышат. Ошондой эле иш-чарада тогуз коргоол, шахмат боюнча спорттук мелдештер, балдардын катышуусу менен флешмоб жана башка кызыктуу оюн-зоок программалары өткөрүлөт. Мындан сырткары Бишкек шаарынын бардык райондорунда балдарга арналган салтанаттуу иш-чаралар уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
radyakiz
2016-05-31 21:26:17
Эмен сейил багы кай жакта
-1
kukunana
2016-05-31 23:39:45
Ататүрк паркы эмеспи?
-1
akyn-jurogu
2016-06-01 08:19:18
Кайсы ырчыларды чакырып берейин? Айта бергиле, озумдун чонтогумон толоп коем.
0
akyn-jurogu
2016-06-01 08:20:48
Азыр 3 досуму ээрчитип алып дет.домго кетип атам, озумдун каражатыман жок дегенде ар бирине бирден балмуздак болсо да алып берейин деп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан