ЖЫЛНААМА, 1-ИЮНЬ: XX кылымдагы чыгаан актриса Мэрилин Монро тирүү болсо 90 жашка толмок

90 жыл мурун, тактап айтканда, 1926-жылы 1-июнда америкалык актриса, ырчы, XX кылымдын эң популярдуу актрисаларынын бири, секс-символ Мэрилин Монро төрөлгөн. АКШнын Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн Монронун өз аты-жөнү - Норма Жин Бейкен.
1944-жылы болочок актрисанын фотомоделдик карьерасы башталган. 1950-жыл Мэрилин үчүн жемиштүү жылдардан болуп, 5 кинотасмада роль жараткан. Ал тургай мурда “сени биздин киностудиядан көргүбүз келбейт” деп кууп жиберген “20-кылым – Фокс” кайрадан роль сунуштаган. 1953-жылы Мэрилин Монро айтылуу “Жигиттерге сары чачтуулар жагат”, “Кыздардын эң жакын курбулары – бриллианттар” деген тасмаларда башкы ролдорду ойногон.
Мэрилин Монро 1962-жылы 5-августта Калифорния штатынын Брентвуд шаарында өз үйүндө 36 жаш курагында көп өлчөмдөгү уйкунун дарысын ичип алып каза тапкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан