Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 600 баланын көңүлүн көтөрүү максатында чакан концерт уюштурулду (фоторепортаж)

Бүгүн, 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкектеги "Сейтек" балдар борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 600 балага концерт тартууланууда. Аталган иш-чарада Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов балдарды майрамы менен куттуктап, шаарда бөбөктөрдүн урматына бир нече маданий иш-чара өтөрүн айтты.

"Балдар, силерди майрамыңар менен куттуктайм! Силер үчүн мэрия шаардын бардык аймактарында, сейил бактарда майрамдык маанай уюштурду. Келечегиңер кең, ден соолугуңар бекем болсун!" - деди мэр.

Андан соң "Сейтек" борборунун бий, хор ийримдеринин катышуучулары балдарга концерттик программа тартуулашты. Иш-чаранын соңунда бөбөктөргө таттуулар таратылды.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн концерт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан