Суусамыр - ак кар баскан, бийик тоолуу Тянь-Шандын жүрөгү. Чүй облусунун Жайыл районуна караган Суусамыр жайлоосунда жайкысын жергиликтүү тургундардан тышкары Талас облусунан малчы-фермерлер да жайлашат. Ал эле эмес, дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтер дагы эс алып, чер жазышат. Бирок акыркы учурда Суусамырга салынган кафе-ашканалардын саны көбөйүп, айлана-чөйрөнү таштандыга толтурушууда. Буга жогорудагы сүрөттөр далил. Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын тынымы жок каттаганынан жолдор тешилип, жайлоонун жашыл төрүн чаң каптоодо.