Бишкек. Эски аянттагы чакан концертте жаш балдар бийчилер менен кошо жарышып бийлеп жатышат (фоторепортаж)

Бүгүн, 1-июнда Бишкек шаарынын эски аянтында Балдарды коргоо күнү кызуу белгиленип жатат. Анда балдардын майрамдык маанайын көтөрө турган концерттик программа тартууланууда.

Иш-чарада бөбөктөр бийчилер менен кошо бийлеп, ырчылар менен кошо ырдап жатышат. Ошондой эле сейил бактарда балдарга арналган чыгармачылык аянтчалар уюштурулган. Ал жерде балдар кийизден буюм, түстүү кагаздар менен ар түрдүү гүлдөрдү, ылайдан жаныбарларды жасашууда.

"Кыргызстан балдары" шаардык мектеп окуучуларынын чыгармачылык борборунун жетекчиси Бактыгүл Кемелгазиеванын айтымында, майрамда каалаган бала жаккан аянтчасына келип, чыгармачылык өнөрүн көрсөтө алат. "Мындай ыкма балдардын аң-сезимин өстүрүп, ар бир эмгегинде өзүнө болгон ишеним пайда болот", - дейт Б.Кемелгазиева.

Бишкекте Балдарды коргоо күнү кызуу белгиленди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akyn-jurogu
2016-06-01 13:56:05
Жаш балдарга майрам болсун деп ушул кечени атайын уюштурдум.
+1
makemake1979
2016-06-01 20:04:32
Сонун болду жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан