Нарын. Балдар майрамга карата концерт көрүп, бекер балмуздак алышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү Нарын шаарында өзгөчө салтанат менен белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, балдарга арналган иш-чара Нарын шаарынын “Алма-Бак” сейил багында Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдар бакчаларынын тарбиялануучулары тарабынан концерт коюлуп, М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театрынын кызматкерлери тарабынан жомок тартууланып, кинодирекция тарабынан мультфильмдер көрсөтүлдү.

Балдар арасында асфальтка сүрөт тартуу сынагы уюштурулуп, анын жеңүүчүлөрү белектер менен сыйланышты. Ошондой эле майрам ээлерине Нарын шаардык мэриясы жана демөөрчүлөр тарабынан бекер балмуздак таратылды.

"Жайдын алгачкы күнүнө туш келген бул майрамды белгилөө үчүн сейил бакка келгендердин саны 3 миңге чукул болуп, аталган жай шаңга, балалык аруу сезимге, балдардын күлкүсүнө бөлөндү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akyn-jurogu
2016-06-01 16:24:25
Эмдиги жылы мындан да жакшыраак кылып уюштурганга аракет кылам.
-4
Karalina
2016-06-02 09:59:53
Эн жакшы болуптур!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан