Бүгүндөн баштап жаңы унаа номерлери бериле баштады (фото)

Бүгүн, 1-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы унаа номерлерин жасаган "Инфоком" мамлекеттик ишканасы ачылды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Тайырбек Сарпашев мамлекет унаалар үчүн алгачкы жолу өзү унаа номерлерин жасап баштаганын айтты.

"Буга чейин номерлерди жасоодо айрым адамдар киреше таап жатканы тууралуу бир эле жолу айтылган эмес. Ачыгын айтсам, бул долбоордун ишке ашышына кээ бир саясатчылар каршы болуп, тоскоолдук кылып жатышты. Бул номерлердин өзгөчөлүгү - камералар аныктай ала турган номердик белгидеги атайын шрифт", - деди Сарпашев.

Мамлекеттик каттоо кызматы номердин бир комплекти 950 сомго барабар экенин билдирди. Мурунку баасы 1215 сом болчу. Жаңы номерлерди жарандар өз эрки менен алышат. Андан тышкары жаңы номерлер жаран жаңы унаа алганда же жаңылап каттоодон өткөргөндө берилмекчи. Ал эми сандары өзгөчө комбинациядагы номерлер мурдагыдай эле аукциондо сатылат. Мындай аукциондун биринчиси июнь айынын үчүнчү декадасына белгиленди.

Ар бир аймактын өзгөчөлүгү кайсы бир тамгалар менен белгиленбестен, коддор менен аныкталган:

Бишкек шаары - 01

Ош шаары - 02

Баткен облусу - 03

Жалал-Абад облусу - 04

Нарын облусу - 05

Ош облусу - 06

Талас облусу - 07

Чүй облусу - 08

Ысык-Көл облусу - 09

Ал эми "KG" белгиси бардык транспорт каражаттарына басылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
football1
2016-06-01 16:56:36
Мурдагы эле номерлер жакшы болчу, ансыз деле тундук туштук, аймак аймак, айыл айыл болуп болунгон Кыргызстан дагы болунуп чачырабаса эле болду, анткени аймактарга болуп чыгарган номерлеринер кыргызга туура келбей калат го
+4
Lintel
2016-06-01 17:13:59
football1, Эн туура баамдапсын тууганым.
0
beka1207
2016-06-01 17:37:47
football1,тууган,мурда деле облус боюнча болунгонда,регионго болбосо анда номердин мааниси канчалык
+4
Begim_4
2016-06-01 16:57:31
Дагы бир бизнес! Элли соруп бутмой болду булар!
+2
sirgak_92
2016-06-01 17:14:25
Begim_4,Suiloit dese ele suiloisun da kaalasan al kaalabasan alba
-5
ruffo90
2016-06-01 18:05:18
Begim_4, кантип сорот тушундурчу? Бул номерди кыстап сатпайт, каалоочулар алат.
-4
ukmuw-ukmuw
2016-06-02 03:27:30
Begim_4,туура еле бир жаны нерсе чыкса еле бизнес дей бересинби кичинеден болсо да жаныланып онугуп атабыз тобоо кылчы нааразы еле болгон ел
-1
nukesh
2016-06-01 17:43:56
Башка иши жок бекен Сарпашевдин кылаарга. Номерлер да паспортторго окшоп аталасы чыгат!
-9
abdumalik
2016-06-01 17:48:33
Ж
елек кичинекей болуп калганы жана фасону Орусиянын номуруна окшогону гана жаккан жок.
+1
sirgak_92
2016-06-01 18:11:00
abdumalik,Azyr baardyk jerde oshondoi jakpasa chai ich
0
Uson.karaev
2016-06-01 19:12:36
биздин номерлерда озбектердикиге окшоп калат экенда эми 01 02 деп
0
yakutiya-Mirnyi
2016-06-01 21:34:42
мурда 4ёх значный эле го,эми российский номерге окшоп 3ёх значный болдубу?
0
talant87
2016-06-01 23:33:33
орун алмащкан менен суума озгорбойт . азырынча мажбур эмес анан милдетуу турдо откоробуз
0
krem
2016-06-02 00:58:42
орусияда кыргыз номерлерин камералар тартпайт себеби регистрацияланган эмес канча эреже бузсан дагы ошого тез арада алмаштырып жатат
+2
ukmuw-ukmuw
2016-06-02 03:30:25
krem,туура айтасын мобу закончулдарга кенениреек тушундуруп берип койчу
0
rukopashnik
2016-06-02 02:18:44
мурунку номерлер эле жакшы эле красивый көрүнөт эле, россияда көрүп калсаң дагы..
0
ere
2016-06-02 08:40:31
жаны коррупция болуп кетпесе болгону
-1
kutmanbek80
2016-06-02 10:41:28
Админ рахмат чоооң
0
kutmanbek80
2016-06-02 10:42:51
Кааласан ал кааласан алба эмес беш жылда бары бир аласын 5 жылда алмаштырып толук бүтүшү керек экен мейли сулуу номер экен мага жакты казак орус узбек номерлеринен кыйла түзүк
+3
aydarov...
2016-06-02 12:21:25
Сонун номер экен кж деп мага жакты
+2
Kroxa
2016-06-02 13:18:18
Туура эле мейли жанырганы жакшы да950 эле сом экен..
+1
Nasyrkg
2016-06-02 20:56:39
Кыргызстандын бермети Ысык колго акыркы номерди берип койгондорун чорттор.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан