Бишкектеги эмен дарактарына курт түштү, "Жашылдандыруу" ишканасы курт менен күрөшүүгө кеч болуп калганын айтты

Жаз мезгили эми гана аяктап жатканына карабай Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү эмен дарактарынын жалбырактары саргарып калды. Бул курт түшкөнү менен байланыштуу. Бак-дарактарга зыян келтирген курт-кумурскалар менен күрөшүү иш-аракеттери 2013-жылы гана болгонун SUPER.KG порталына "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын агроному Сергей Кравер билдирди.

"Булар жалаң гана эмендин жалбырагын жей турган курттар. Зыянкечтерге каршы иш-чараны 2013-жылы өткөргөнбүз. Андан бери зыянкечтер жоголуп кеткенине байланыштуу Улуттук илимдер академиясына караштуу Токой чарба институту аталган иш-аракетти токтоткон. Эми зыянкечтер кайрадан пайда болушту. Биз азыр дарактарга эч кандай жардам бере албайбыз, анткени зыянкечтерге каршы иш-чараны жаз мезгилинде гана өткөрүү керек", - деди агроном.

Адистин айтымында, курттар эмендин жалбырагына жана анын өсүүсүнө зыянын тийгизет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Tansuluu09
2016-06-01 19:21:34
Быйыл эмне болгон бак дарактарга??
Кулап жаткан, Курт жеп жаткан.
Эми алар Куз келе элек эле саргайып калатко
+3
Rifle_3
2016-06-01 23:58:10
Коррупциядан, көңүл кош мамиле кылган депутаттардан тажады.
+3
bekiw.801
2016-06-01 19:22:46
Былтыркы жана мурдагы жылы деле ушинтип саргарган. Жалган шылтоолорду айтып олтура беришет экен да өрдөккө баары бир дегендей...
+5
Tansuluu09
2016-06-01 19:25:01
bekiw.801,
Анда бизде огромдор жакшы иштешпейт же кесибин жакшы билген огрономдор жок.
+4
tynystan
2016-06-01 20:16:50
эмени неси десе дуб турбайбы ал дарака салкын аба жакса керек
+1
nuri2605
2016-06-01 23:09:00
Кеч болду деп отура эртерээк аракет кылышпайпы. Алакан жайып отура берсе эртен эле кулайт алары да. Ордуна тигип алары чонойгончо качан
+2
ainur78007
2016-06-01 23:10:53
Биздин бала бакчанын жанында да чон эмен бактары бар,жылда ушул маалда ушул корунуш,дарылагандарын такыр коргон эмесмин.
+1
akyn-jurogu
2016-06-01 23:44:32
Алдын алуу деген нерсени билесинерби силер озу?
+7
sgushenka
2016-06-02 00:03:18
Жашылдандыруу ишканасынын жылдык планында бул маселе созсуз болсо керек алдын ала иш-чараларды коруу менен бирге. Ага болунгон акча каражаттары сол чонтокторго кирип кетет, анан отчетто план мынанча пайызда аткарылды деп кагаз бетине жазыла берет уламыштар.
+2
BarsBaatyr
2016-06-02 10:53:12
Убагында карабай эшек такалап отурдунарбы?Буга болунчу каражаттарды ак уйунон баштап ошол жонокой огрономуна чейин болуп жеп жок кылгансынар да.Эртен окмот чыгат биз каражат болгонбуз деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан