Бишкек шаарында 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүндө Панфилов эс алуу багында эки жаш бала жоголуп кеткен. Алар милиция кызматкерлери тарабынан табылып, ата-энелерине кайтарылып берилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Жол-кайгуул кызматынын басма сөз бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Бугубаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Панфилов эс алуу багында ата-энесинен адашып калган эки факт катталган. Иликтөө иштеринин алкагында жоголгон балдар 15-20 мүнөт аралыгында табылып, ата-энелерине берилген.
Ал эми “Тез жардам” кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов бүгүнкү майрамдын алкагында жаш балдар менен байланышкан окуялар катталбаганын билдирди.