32 жыл мурун, тактап айтканда, 1984-жылы 2-июнда ырчы Фархат Кеңешбек уулу төрөлгөн. "Кайдагы сүйүү?" деген ыры менен эл оозуна алынган Фархат Талас районунун Чкалов айылында төрөлгөн. Чыгармачылыгын "Оштук кызга" деген ыры менен баштап, ырчы Азиза менен "Алтын балалык", "Бактылуу сүйүү" деген дуэттерди жаздырган.