Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына башкыр делегациясы да катышат

Кечээ, 1-июнда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев Башкортостан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда элчиликтен билдиршти.

"Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелери каралды. Мындан сырткары Башкортостан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына башкыр делегациясы да катыша тургандыгын билдирип, өзү да оюндардын расмий ачылышына катышып калышы мүмкүн экенин айтты", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2014-жылы Рустэм Хамитов I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына катышып, кадырлуу конок болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akyn-jurogu
2016-06-02 11:33:28
Башкырдан башкасын да чакыргыла, а то мурдакысында Атамбаев Алмазбек деген президентибиз жалгыз не удобно болуп отурду.
-2
barpy1
2016-06-02 12:01:25
Кочмон улуттар коп болгон: казак, кыргыз, монгол, калмак, афган, Тибет, башкыр, татар, туркмон ж.б.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан