Быйыл Орусияга кыргыз жеринен барган эмгек мигранттарынын саны 41 пайызга азайган. Мындай көрүнүш рубль өз наркын жоготуп койгонуна байланыштуу экенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, 2015-жылы Орусияга 540 миң кыргыз жараны барган. Ал эми быйыл Орусиядагы кыргыз мигранттарынын саны белгисиз экенин Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматкери Исабек кызы Айсулуу билдирди.
"Бүгүнкү күндө 118 миң кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган. Анын ичинен 76 миң кыргыз жараны "кара тизмеден" чыгарылган", - дейт басма сөз кызматы.