Францияда күйүүчү майдын тартыштыгынан улам миңдеген адамдар иш таштоого чыгышты

Францияда күйүүчү майдын тартыштыгынан улам миңдеген адамдар иш таштоого чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө күйүүчү май тартыштыгынан улам борбордук аянтка миңдеген шаар тургундары иш таштоого чыгышты. 31-майда башталган иш таштоолорго бүгүндөн тарта темир жол жумушчулары да катыша баштаган. Күйүүчү май тартыштыгынан француздар поезддер менен жумушка каттап калышкан. Иш таштоолордун кесепетинен поезд каттамында да кыйынчылыктар жарала баштады.

Франциянын Улуттук учкучтар профсоюзунун жарыясында келерки айда авиация секторунда да мөөнөтсүз иш таштоо добушка салынганы белгилүү болду. Бирок иш таштоонун качан башталары белгиленген жок.

Өлкөнүн түндүгүндө орун алган жана Париждин энергетика талабын камсыздаган "Ле Хавре" мунайзат станциясында жумушчулар бул жумада да иш таштоону улантуу чечимин чыгарышты.

Өлкөнүн эң чоң профсоюзу болгон Жумушчу күчү профсоюзу да иш таштоолорго колдоо көрсөтүүдө.

Франциянын президенти Франсуа Олланд иш таштоолорго карабастан, иш мыйзамы реформасынан баш тартпай тургандарын айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Patriot..kg
2016-06-02 14:57:08
Ошол жака барып жумушка орношуш керек хехе
+5
akyn-jurogu
2016-06-02 15:01:06
Кыргызстанга келсенер жумуш толтура.
-10
MuslimNur95
2016-06-02 15:34:34
akyn-jurogu, Эмне деп жазганынды кайра окуп корсон .
0
aslan_akjol89
2016-06-02 16:48:19
Россияга санкция жарыялап жатып оздору кыйналып баштаганы кулкунду келтирет.
+3
kg_boy__91
2016-06-02 20:36:30
Францияга мигрант болуш керек экен сразу жумуш табасын
0
33SUUN
2016-06-02 23:11:41
Бул башталышы эле'РФнын мунайзатына кунунор дагы тушо элек.
-1
Suiunbek83
2016-06-03 01:25:52
Дуйнодо Нефтинин баасы тушсо эмне буларда тартышсыз?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан