Кечээ, 1-июнда Орусиянын Чоң театрында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата болгон кайрымдуулук концертине Кыргыз Республикасынан 10 бала катышты. Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз элчилиги бүгүн, 2-июнда маалымдады.
"Концертке КМШ өлкөлөрүндөгү 26 аймактан 11 миң бала чакырылган. Биздин өлкөдөн жетим калган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары тарбияланган Тоголок Молдо атындагы жатак-мектебинен 10 бала барган. Бул жылы балдардын Москвага баруусуна Кыргыз Республикасынын Президентинин фонду көмөк көрсөттү. Концерттин алкагында элчиликтин кызматкерлери балдар менен жолугуп, белектерди тапшырышты", - деп айтылат маалыматта.