Бүгүн, 2-июнда Эл аралык Этномаданият фестивалы Тарых жана маданият жылынын жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүүдө. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары билдиришти.
"Түштүк калаанын 6 аянтчасында кол өнөрчүлүк, килем токумай, улуттук кийимди тигүү жана улуттук тамак-ашты даярдоо боюнча мастер-класстар өткөрүлүүдө. Палоо басуу фестивалы уюштурулуп, жергиликтүү тургундар жана фестивалдын катышуучулары ар түрдүү ыкма менен бышырылган палоонун даамдарын тата алышат. Фестивалга чыгармачыл топтор, фольклордук жамааттар катышууда. Улуттук кийимдер боюнча иштеген дизайнерлер жана моделдик агенттиктер, сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр, улуттук тамак-аш боюнча ашпозчулар өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашат жана улуттук каада-салттар көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Фестивалга мамлекет башчылары, депутаттар, чет өлкөлүк дипломаттар, коомдук эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.