Ысык-Ата районунан келген аксакалдар президент Алмазбек Атамбаевден айыл жашоочуларына жардам берип жүргөн Чыңгыз Жумагуловду милиция кызматкерлеринен коргоону суранышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда аталган айылдын жергиликтүү тургуну Топчубек Касымов маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-майда кечинде Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылынын фермери Чыңгыз Жумагуловдун үйүнө милиция кызматкерлери күтүүсүздөн кирип келип коркутуп, тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Аталган айылдын тургуну Топчубек Касымовдун айтымында милиция кызматкерлери Чыңгыз Жумагуловду эмне себептен издеп жатышканын билдирбей, ата-энеси менен үйүндө иштеген куруучулардан бери коркутушкан.
“Милиция кызматкерлери күтүүсүздөн Чыңгыз Жумагуловдун үйүнө киришип, ата-энесин, үйүндө жүргөн куруучуларды коркутушту. Эмне себептен Чыңгызды издеп жатышканын түшүндүрүшкөн жок. Айлабыз кеткенде айыл тургундары чогула калып, трактор менен жолду бөгөп салгандан кийин тинтүүнү токтошту. Чыңгыз аттуу бала айылда мечит, медресе, спорт аянтачасын салып берген. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга акчалай жардам берип жүрөт”, - дейт Топчубек Касымов.
Учурда Чыңгыз Жумагулов милициядан качып үйүнө бара албай жатканын айыл тургундары билдиришүүдө.