Бүгүн, 2-июнда Ош шаарында Этномаданият Эл аралык фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Султан Раев, облустардын жетекчилери, фестивалдын катышуучулары жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
"3016 жылдык тарыхы бар эски шаардын элесин камтыган, тарыхый мурастарга бай Ош шаарында Этномаданият фестивалынын өтүп жатканы чоң жетишкендик. Маданий иш-чара Тарых жана маданият жылынын алкагында биринчи ирет биздин шаарда өтүп жатат. Эки күн катары менен келген коноктор байыркы көз ирмем менен улуттук каада-салат, этномузыка дүйнөсү, ар улуттун тамак-аштары, байыркы шаар, уз-чеберлердин көргөзмөсү менен тааныша алышат. Бул кыргыз элинин ынтымагын, улуттардын өз ара биримдигин, өлкөбүздүн тынчтыгын даңазалайт”, - деди А.Кадырбаев.
Фестиваль Токтогул сейил багындагы жайкы театрда “Этномузыка”, “Байыркы көргөзмө” жана “Антиквариат” бөлүгү менен уланды. Бул жерге Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынан жана Ош шаарынан өнөр чеберлери жана коллекционерлер катышып, анда байыркы түстүү металлдан жасалган зер буюмдары, чарбалык буюмдар, байыркы идиш-аяктар, коллекцияланган буюмдар: почта маркалары, тыйындар, букинистикалык китептер көргөзмөгө коюлду.
Ага улай аталган сейил бакта “Байыркы көз ирмем” деп аталган сүрөт, фотокөргөзмөсүнүн ачылышы болуп, Ош шаардык үйлөмө аспаптар оркестри концерттик программа тартуулады.
“Улуттук тамак-аш” бөлүгү Өчпөс от аянтында өтүп, анда улуттук тамак-аштын түрлөрү, сүт азыктарынан, эт азыктарынан жасалган тамактар, күлазык, суусундуктар, палоо көргөзмөсү болду. Мында Ош, Жалал-Абад, Баткен, облустарынын жана Ош шаарынын катышуучулары түркүн даамдарды тартуулашты.
Шаардын Алымбек датка атындагы эс алуу багында фестивалдын конокторунун катышуусунда
“Каада-салт” бөлүгү ачылды. Бул бөлүмдө тушоо кесүү, бешикке бөлөө, үйлөнүү үлпөтү, аскерге узатуу, өрүлүктөө, көч келди, чач өрүү, сөйкө салуу, кыз узатуу, келин алуу, куда тосуу каада-салттары көрсөтүлдү.
"Айта кетсек, I Эл аралык Этномаданият фестивалы Тарых жана маданият жылынын алкагында алты багытта өткөрүлүп жатат. Иш-чара 3-июнь күнү да уланып, Ош шаарынын борбордук аянтында гала-концерт менен салтанаттуу түрдө жыйынтыкталат", - деп айтылат маалыматта.