Кыргыз жеринен чыккан атактуу спортчу Валентина Шевченко анын машыктыруучусу Павел Федотовго ок атылган окуя боюнча билдирүү таратты. Спортчу машыктыруучусунун абалы жакшы экенин, ал көпчүлүктү куткарып калганын баса белгиледи.
"Ал өз жанын тобокелге салып, мени жана көптөгөн куралсыз адамдарды коргоп калды. Биз залдын төр жагында отурганбыз. Куралчандардын кирип келгенин, куралсыз адамдардын баалуу буюмдарын тартып алып жатканын көрдүм. Алар бизге жакындаганда Павел ишенимдүү чечим кабыл алды. Эгер ар кимдин чөнтөгүн тинтип келаткан тоноочулар Павелдин жанында тапанча бар экенин билишсе, аны полиция кызматкери деп ойлошмок. Албетте, анда окуя жаман аяктамак. Павел бул кадамга өзүн коргоо үчүн гана эмес, залдагылардын баарын коргоп калуу үчүн барды", - деп жазылат спортчунун кайрылуусунда.