ЖЫЛНААМА, 2-ИЮНЬ: “Абактан качуу” сериалынын жылдызы Уэнтуорт Эрл Миллер 44 жашка толду

44 жыл мурун, 1972-жылы 2-июнда “Абактан качуу” сериалынын жылдызы, америкалык актёр Уэнтуорт Эрл Миллер жарыкка келген. Англиянын Чиппинг-Нортон шаарында төрөлгөн актёр колледжде окуп жүргөн кезинде музыкага жакын адам болгон. Ырчылардын кээ бирлери менен гастролго чыгып, акча таап турган.

Кийинчерээк жүрөгү тандаган актёрдук кесиптин ээси болууну көздөп, Лос-Анжелеске бет алат жана ал жакта жөн гана операторлордун жардамчысы катары ишке орношкон. Актёрдук карьерасын 2002-жылы “Динотопия” деген сериалдан баштаган. Эл оозуна алынып, дарегине жагымдуу сөздөр айтыла баштагандан кийин эле “Караланган кадыр-барк” фильмине тартылууга чакыруу алат. Ал эми “Абактан качуу” сериалына тартылуу атак-даңк алып келет деп күтпөгөнү менен, Уэнтуорт дал ушул кино аркылуу чыныгы популярдуулукка жеткен. “Абактан качуу” сериалына тартылуудагы өзүнө жакпаганы денесине тарттырган татуировкалары болгон.

2-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Urmat-1989.
2016-06-02 18:42:15
мыкты актер
+5
buiga
2016-06-02 19:37:21
Уважаю ушул актёрду.
-1
Mavlyuda
2016-06-02 20:48:44
Мен ушул актер учун ошол кинону башынан аягына чейин коргом. Боюмда бар мен болсо тан аткыча корчумун. Сага агрессивный кинону коргонго болбойт деп куйоом айтса да барибир корчумун. Аягында бул актер олуп калса бакырып ыйлагам. Суйуп деле калгам. Быйыл Говорящая с призраками деген кинодо ойноптур. Красавчик
-5
leonar
2016-06-03 01:05:41
Mavlyuda,мен да точно сендей болгом, бирок кийин ХХХ экенин угуп жаль деп койдум
0
admin_portal
2016-06-03 10:07:37
leonar, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирүүдөн алыс болууну сунуштайбыз!
0
leonar
2016-06-03 01:07:47
Mavlyuda, боюмда болуп тан аткыча коргом, бирок куйоом экообуз коргонбуз
0
bond
2016-06-02 22:19:50
Жакшы актёр бирок ХХХ экен.
-3
admin_portal
2016-06-03 09:58:10
bond, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирүүдөн алыс болууну сунуштайбыз!
+1
besha
2016-06-03 03:18:35
Майкл и Берроуз
+1
adidilet
2016-06-03 09:03:00
жаны сезону тартылып жатат
+1
Kunbeken
2016-06-03 09:46:37
Красавчик
+1
arzyke
2016-06-05 06:41:06
Mavlyuda, kutup tur. 2017 jany sezonu 4ygat eken. Treilerin [moderated]tan korson bolot. Maikl olboit eken.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан