Эл кыйналган мезгилде иштин көзүн таап, көпчүлүккө үлгү болгон Таабалды Эгембердиевди эскерүү кечеси болуп өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 2-июнда борбор калаадагы "Супара" этнокомплексинде "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү, маркум Таабалды Эгембердиевди эскерүү кечеси болуп өттү. Эскерүү кечесине маркумдун жакындары, жоро-жолдоштору, белгилүү коомдук ишмерлер, чыгармачыл инсандар келишти.

Бир тууган иниси Жумадил Эгембердиев агасы ал үчүн ар дайым үлгү болуп келгенин, агасы жасап кеткен иштерди улантарын, Таабалды Эгембердиев кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталарын айтты. Маркумдун жакын досу, акын, жазуучу Шайлообек Дүйшеев маркум тууралуу буларды эскерди:

"Бир жолу 60 жылдыгыма келип, мен жөнүндө тартылган тасманы көрүп кеткен эле. Эртеси телефон чалып, "сен чыгарма жаз" деп аябай шыктандырган. Ошентип анын колдоосу менен "Агындылар" чыгармасы жарык көрдү. Кийин "мен ушундай чыгарма жазгым келип жүргөн, аябай жакшы жазылыптыр" деп мактаган эле".

Эскерүү кечесине келгендер Таабалды Эгембердиевдин басып өткөн жолу, кыргыз элине калтырып кеткен зор эмгектери жана ар дайым бул инсан кийинки муунга, жаштарга үлгү болуп каларын айтып өтүштү.

Кошумчалай кетсек, белгилүү публицист, коомдук ишмер жана ишкер 1951-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айылында туулган. "Шоро" жабык акционердик коомун негиздеп, алкоголсуз ичимдиктерди өндүрүү ишин жайылткан. Базар экономикасынын шарттарындагы жемиштүү эмгеги үчүн Даңк медалына ээ болгон.

Таабалды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Таабалды Эгембердиевди эскерүү кечеси болуп өттү
Таабалды Эгембердиевди жакындары эскеришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jakilik
2016-06-02 22:22:48
Мен дагы ушул кишини абдан сыйлачумун. Жаткан жери жайлуу болсун! ! !
+10
ayjamal83
2016-06-03 08:44:12
жакшы,жонокой киши болчу (((
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан