Кытай. Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунда Жусуп Мамайдын бейитине зыярат жасалды

Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун Какшаал өрөөнүндөгү Кара-Булак айылындагы Күркүрө кыштагында манасчы Жусуп Мамайдын бейитине зыярат жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, залкар манасчынын жаркын элесин жоктоп ыктыярчы жамаат, балдары, небере-чөбөрөлөрү, тууган-уруктары, айыл башчылары катышты. Чогулгандардын саны 100дөй адамды түздү.

"Анда манасчылар "Манасын" айтып, аксакалдар аңыз-уламыштардан кеп салып, мүрзөнүн айланасын көгөртүп-гүлдөтүү сыяктуу жумуштар кошо талкууланды", - дешет уюштуруучулар.

Кошумчалай кетсек, белгилүү манасчы Жусуп Мамай 2014-жылы 1-июнда 96 жаш курагында көз жумган. Ал "Манас" эпосун сегиз урпакка чейин айткан. Анын айтуусунда бул эпос 500 миң сап ырды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ulya.mamatova
2016-06-03 13:31:34
Кыргызстандан да барышкан болобу ?
+2
MuslimNur95
2016-06-03 15:03:03
Мына чыныгы кыргызмын дегендер
+3
Almaz-93
2016-06-03 15:28:36
Кыргызстанда эле болгондой корунот экен суроттон. Байкашымча калпактарынын тилиги жок экен. Бул Эне-Сайдан калган корунушбу же кытайдан пайда болгонбу?
+2
kutman565
2016-06-04 10:30:13
енесайдан калган корунуш болсо керек.ыраматылык жусуп ата козу тируусундо кыргыздын калпагынын тилиги жок деп айтканы бар.аксакал козу откучо тилиги жок калпак кийип журду.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан