Биз социалдык тармакта

Бишкекте көчөдөгү тосмолор жана жол жээктери жуулуп жатат (фото)

"Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан Бишкектеги көчөлөрдүн тосмолору жана жол жээктери жуулуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда кабарлады.

"Жолдун четиндеги кум жана баткакты тазалоо үчүн 4 бригада чыкты. Учурда Тынчтык кең көчөсүн жана Жибек-Жолу көчөсүн тазалоо иштери жүрүп жатат. Андан сырткары узакка созулган жаандан кийин аялдамалар жана коомдук унаалар жуулуп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин шаардагы эстеликтер жана сейил бактардагы монументтер жуулуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
akyn-jurogu
2016-06-03 13:16:32
Менин приказымды эки кылбай аткарган турбайбы. Молодцы)
-14
12.12.12
2016-06-03 13:47:27
Бак дарактардын түбүн кайра актап чыгышса жакшы болмок. Анткени жазында жаан жууп кетип, кайра эле кейпине келишип калат. Эми актаса жаан аз жаайт, кышка чейин агарып турат.
+1
Almaz-93
2016-06-03 14:22:11
Кап ремонт кылыш керек негизи Бишкек шаарын. Бишкек эле эмес буткул Кыргызстанды.
+4
kanykeim
2016-06-03 14:53:19
Jany mer jakwy iwtep bawtagango. Molodes☺
+1
barakcha
2016-06-03 16:42:55
Кандай гана кубанычтуу кабар.
0
Keremet008
2016-06-03 18:18:57
Мелис Мырзакматов Ошту дайыма эле эстеликтерден бери жуудуртчу эле аны тегеле айтышпайт
-1
adyl.por
2016-06-03 21:11:19
чооң жаңылыка окшотуп алыпсыңарго Ошто көнүмүш эле нерсе бул
+1
barakcha
2016-06-03 21:16:01
adyl.por,Биз учун чон жанылык!Анткени коптон бери жуулбай,шаарыбыздын корку кетип калган.
0
juma11anara
2016-06-03 21:42:52
Бул баягы эле биздин чоңдор жүрчү көчөлөрго. Карапайым эл жүргөн көчөлөрдү да жууп тазалап коюшса бир рахматымды айтат элем.
-1
Gulisa
2016-06-03 22:33:41
Ий байкушатар ушинтип жууп жаатышабы экономиканын томондугу да.Атамбаев башка мамлекеттерге деле барып журот корбой бу кандай шаарлары таза гул дору жайнайт.Уяласын биздин жолдордун сызыктары Деги агартылабы ?
-1
Nazikbaigazy
2016-06-03 23:09:45
Байкуштар ручной жууп жатышатго, чет жерлерде машина шеткасы менен озу жууйт,
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан