Бүгүн, 3-июнда Бишкекте Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында "EXPO: Made in Kyrgyzstan" Эл аралык көргөзмөсү алгачкы жолу өтүүдө. Көргөзмөгө кыргыз жеринде өз продукциясын чыгарган жана тейлөө тармагында иш алып барган 55ке жакын компания катышууда.
"Иш-чаранын максаты - жергиликтүү ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, аларды эл аралык деңгээлде таанытуу, жергиликтүү өндүрүүчүлөргө инвесторлорду, өнөктөштөрдү табуу", - дейт көргөзмөнүн уюштуруучусу Зарина Чекирбаева.
Көргөзмөдө чет элдик жарандар кымыздан жасалган балмуздакты тамшанып жеп жатышты. Япониядан келген Шимода Юкики кыргыздардын колунан жаралган буюмдар, улуттук тамак-аштар таң калтырганын айтты.
"Мага шырдак, жүндөн жасалган куурчактар жакты. Кымыздан, талкан менен жасалган балмуздактар аябай даамдуу экен. Мындайды өмүрүмдө биринчи жолу жеп жатам", - дейт Шимода Юкики.
Ошондой эле иш-чаранын катышуучусу Жээнбек Мамырканов шырдак жасаган ишканага чет өлкөлүк ишкерлер кызыгып жатышканын билдирди.
"Көргөзмөдө Япония, Франциядан келген ишкерлер кызыгып, даректерибизди жазып кетишти. Албетте, чет өлкөдө кыргыздын маданий мурасын даңазаласак кандай сонун болот", - дейт Жээнбек Мамырканов.
Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында эртең, 4-июнда чет өлкөлүк ишкерлер менен жолугушуу болмокчу. Алар кыргыз ишкерлери үчүн мастер-класстарды өткөрүшөт.