Ош облусунун Ноокат районунда ажылык сапарга 345 адам жолдомо алды (фото)

Бүгүн, 3-июнда Ош облусунун Ноокат районунда ажылык сапарына баруучулар ортосунда электрондук чүчү кулак өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

"Ажылык сапарына талапкерлердин ортосунда өткөн чүчү кулакта муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев быйылкы ажылык сапарынын өзгөчөлүктөрү туурасында маалымат берип, ажылык ибадатка ниет кылган жалпы жарандарга ийгилик каалады. Андан соң кыргыз өлкөсүнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Замир ажы Ракиев ажыга баруучулар ортосунда өткөрүлүүчү чүчү кулактын эрежелерин түшүндүрүп, Ноокат району боюнча ажыга баруу ниети менен 689 жаран катталганын жана Ноокат районуна 345 орун бөлүнгөнүн билдирди. Бөлүнгөн орундардын санынан талапкерлердин саны көп катталган 7 айыл өкмөт жана Ноокат шаарында чүчү кулак ийгиликтүү өткөрүлүп, бардык тараптар жыйынтыкка ыраазы экенин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Ош облусунун мусулмандар казыяты Ош облусу боюнча Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Өзгөн районунда 2016-жылы ажыга баруучулардын саны бөлүнгөн орундан ашпагандыктан чүчү кулак өткөрүлбөгөнүн, ал эми ажылыкка катталгандардын саны басымдуулук кылган Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондорунда чүчү кулак өткөрүлгөнүн эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
merim97
2016-06-03 14:04:16
Озгондон барбайбы эмне
-3
akyn-jurogu
2016-06-03 14:10:50
Озгонго эмдиги жылы ажылык сапар уюштуруп берем.
-6
Almaz-93
2016-06-03 15:08:53
16 жылдын ичинде жылына 3 миндей адам ажылыка барган болсо. 50 миндей ажыке бар болобу бизде ошондо.
-2
admin_portal
2016-06-03 15:17:15
akyn-jurogu, talant87, кайым айтышуулар купуяга!
-2
Nora
2016-06-03 19:13:02
Eldin baary ele ajy bolup ketet okshoit, myndai temtte ketse kyrgyzdyn baary arky duinodo beiyshke kirip kalyshat.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан