231 жыл мурун, тактап айтканда, 1785-жылы 3-июнда Франсуа Бланшар тарабынан ойлонулуп табылган биринчи парашют Лондон шаарында сыноодон өткөн. Анын командасы биринчи парашютчу катары итти сынашкан. Итти аба шарына байлап, 300 метр бийиктиктен ыргытышкан. Ит жерге аман түшүп, парашютту колдонууга жол ачылган.