Үстүбүздөгү жылдын 27-31-май аралыгында Ош жана Кара-Суу шаарларынын Ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз мигранттарды аныктоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"Аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгында чет элдик ишкерлер жана жарандар иштеген 9 жеке мейманкана, 12 кафе-ресторан, 7 сауна жана 21 соода объектиси текшерүүгө алынган. Натыйжада 38 мыйзамсыз мигрант аныкталган: Кытай Элдик Республикасынан - 19, Өзбекстандан - 11, Польшадан - 2, Америка Кошмо Штаттарынан - 2, Түркиядан - 1, Швейцариядан - 1, Түштүк Кореядан - 1 жана Молдова Республикасынан - 1. Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик боюнча кодексинин 390-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 38 протокол түзүлүп, чет элдик жарандар 380 миң сом өлчөмүндө айып төлөштү", - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Респубикасынын аймагында уруксат документтери жок иштеп жүргөн Өзбекстандын 5, Түркиянын 1, Молдова Республикасынын 1 жана Орусиянын 1 жараны Ош шаардык сотунун чечими менен депортацияланганы белгилүү болду.