SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эмнеге атайын ката жазышат?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Форумда адабий тилде, так, туура жазгыла деген эреже жок. Бул жакка зеригип отургандар кирип, өздүк тилде жазып коё беришет. Аны так, туура жаз деп айта албайбыз, анткени ар ким өзү билет жана өз диалектисинде жаза берет. Чыгарма жазгандарга туура, так жазгыла деп айтыш керек. Мисалы, "ич пала болбойт, опшум, олувамкетсин, беркесенер, баляя же балаасың го" деген сөздөр маанайымды көтөрөт, бирок жазуунун грамматикасын да билишибиз шарт".
"Мен туура, так жазуу керек деген сунушту колдойм, өзүбүздүн адабий тилде жазгыла дээр элем".
"Туура эле, мен да көп окуйм, диалектини аралаштырып жазган кезде да бир аз туура келбей калат экен. Туура жана адабий тилге жакыныраак кылып жазсак, жакшы эле болсо керек".
"Ооба, кыргыз болгондон кийин "бовойт, кевейт, менам, сенам" дебей кыргызча жазгыла. Ушундай билдирүүлөрдү окуганда уялам".
"Мен жакын санаалаштар менен, жердештер менен гана атайылап диалектини аралаштырып сүйлөбөсөм, калган учурда адабий тилде гана жазам".
"Кээде менин да жаным кашайып кетет, ушул темада козголгондой сөздөрдү окуп жатып... Аттап-аттап кетем андай посттордон".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.