Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейи оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 25-мартта убактылуу жабылган. Оңдоп-түзөө иштерин Түркиянын "ТИКА" ишканасы жүргүзүүдө.
Аталган ишкана музейдин айланасын, "Ала-Тоо" аянтын жарыктандыруу иштеринен кийин кандай сүрөттөлүшкө туш болорун сүрөт аркылуу көрсөттү.
Кошумчалай кетсек, оңдоп-түзөө иштери 2 баскычтан турат. Алгачкы баскыч 31-августка чейин белгиленип, бул аралыкта оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталат, музейдин имаратынын тышын жарыктандыруу каралган. Экинчи баскычта музейдин учурдун талабына жооп берүүсү шартталат.
Кошумчалай кетсек, музейдин имараты 1984-жылы курулган. Бүгүнкү күндө анда кыргыз элинин тарыхындагы уникалдуу эстеликтер чогултулган.