Республиканын түштүгүндө пахта, Таласта төө буурчак, Чүйдө кант кызылчасы жана картошка көп айдалды

Республикада 2015-жылга салыштырмалуу быйыл 40 миң гектарга көбүрөөк жер айдалды. Жалпысынан 593 миң гектар жер айдоого берилген. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда SUPER.KG порталына Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Дыйканчылыкты өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын адиси Адилет Нарынбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл Ысык-Көл облусунун тургундары азыраак эгин эгишүүдө. Талас облусуна кант кызылчасын эгүү тууралуу сунуштар айтылган, бирок бүгүнкү күнгө чейин 1300 гектар жерге гана айдалган. Адилет Нарынбаев облуста дыйкандар төө буурчакты көп айдап жатышканын билдирди.

"Чүйдө картошка менен кант кызылчасы көп айдалды. Тактап айтканда, дыйкандар кант кызылчасын 10 800 гектарга, картошканы 9300 гектарга айдашты", - дейт А.Нарынбаев.

Ал эми республиканын түштүк аймагында былтыркыга салыштырмалуу быйыл пахта көп эгилди. Ошто 6900, ал эми Жалал-Абадда 10 200 гектарга пахта эгилди.

Адистин айтымында, учурда айдоо иштери жүрүп жатат. Акыркы маалыматтарга караганда, картошка былтыркыга салыштырмалуу аз айдалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
barpy1
2016-06-03 17:50:48
Бекер кеп!!! Союз урагандан бери стат.комитет божомолдор менен иш алып барат... Мисалы айыл окмоттогулор контордо отуруп алып божомолдоп согуп койот быйыл биздин айыл окмотто мынча гектар пахта, тукунчо жугору эгилди деп... Божомол чындыктан алыс, иштетилбей калып кеткен жерлер канча... Куздо мынанча мин тонна пахта, же буудай, куруч алдык республика боюнча деп Кыргызстан боюнча келип тушкон божомолдорду жалпылап, суммасын чыгарып айтып койот... Бул туура эмес да!..
+3
barpy1
2016-06-03 17:54:53
Анын устуно пахтанын туйшугу коп, кирешеси аз болуп, бир канча жылдан бери пахтанын баасы которулбой, дыйкандардын мээнети акталбай жатат. Кайра туйшугу жокко эсе болгон бедеден кобуроок пайда калат. Ошондуктан пахта талаалары кобойду дегенди айыл-чарба министрлиги менен статистика комитетинин адаттагы "ордоктору" деп тушундум...
+3
Shat.88
2016-06-03 18:36:35
Калп соз таластыктарды ноя тикпегиле деди элдин кобу чоп арпа сээп салышты колдукторда картошканы аз себишти
+1
arawan
2016-06-03 19:44:28
атамбаев жана анын окмоту тоо буурчактын баркын баасын кетирди баары билет тоо буурчактын чыныгы баасын 2 жыл мурун 100сомдон ашкан азыр эми 20 30дан актабайт жогорку жактагылар отура берип эле суйлой беришет мынча айдалды деп чындыгында таласта тоо буурчак айдалган аянт аз чоп баары эле быйылкы аба ырайынан тоо буурчактар жерде жата берип курттап чыкпай калды жер жылыбай кургабай койду колунда барлар экинчи жолу сээп жатышат жоктор чыкпаган бойдон калды жеринен келип чондор оздору корсо го
0
arawan
2016-06-03 19:48:34
20сомдон саткан тоо буурчакты азыр дыйкандар 50 60 сомдон алып жатышат айла жок
0
Urmat-1989.
2016-06-04 00:23:50
картошка кымбатыраак болсо болду былтыркыга окшобой))
0
Nasyrkg
2016-06-04 17:13:05
Ушунчалык эмне алдашат я бул окмот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан