SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөңүздү "сиз" дейсизби?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Жолдошум экөөбүз тең Ысык-Көлдөн болобуз. Жолдошум 2 жашка гана улуу болгону менен, мен ага "сиз" деп кайрылам. Жалал-абаддык бир эженин күйөөсүнө "сиз" деп кайрылганы мага жагып, сүйлөшүп жүргөндө тамашалап "сиз" деп айтып көнүп кеттим. Биринчи укканда ата-энебиз, аяштарыбыз таң калып жүрүштү, бирок "сиз" дегенде ортодо чоң сый болот экен. Урушпайбыз, жөн эле таарынышып калабыз, жадакалса атыбыздан да айтпай эркелетип чакырышабыз. Эч качан бири-бирибизди "мазактап" урушкан эмеспиз, андай болбой эле койсун".
"Биз "сизи" жок эле сыйлашабыз".
"Көбүнчө түштүк жакта аялдар "сиз" деп кайрылышат, сыягы силер жаңы үйлөнсөңөр керек. Убакыттын өтүшү менен кандайча "сен" деп калганыңды өзүң да билбей каласың".
"Биздин чогуу жашаганыбызга 7 жыл болот, 3 балабыз бар, бирок "сен" деп такыр айта албай койдум. Жолдошума да жагат, бир жолу СМСти "сен" деп жазып коюп өзүм жаман болгом. Ал да байкап, "Арткы 3 тамганы жазгандан эринип койдуңбу?" дегенде күлгөм".
"Жолдошум менен жаш айырмабыз бир жаш же менден кичине болсо деле "сиз" деп кайрылмакмын. Жолдошум менден 6 жаш улуу. Мен аны менден улуу болгону үчүн эмес, аны сыйлаганым үчүн "сиз" дейм".
"Түштүктүн башка жагын билбейм, бирок Кара-Сууда 5-6 жаш айырма болсо да "сен" деп эле айтат. Бир байке өзбекстандык кыз алган, 10 жаш кичүү. Ошол да "сен" эле дейт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.