Бүгүн, 3-июнда Бишкек шаарынын эски аянтында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 6-7-июнда өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммитине министрликтин даярдыгын текшерип, тиешелүү тапшырмаларды берди.
"Саммит өтүүчү күндөрдө коомдук коопсуздукту камсыздап, жол эрежелерин сактап, баарыңар бүт күчүңөрдү жумшап, башка өлкөлөргө уят кылбастан туруп бергиле. Бул саммит бир жылда бир келүүчү окуя. Силерден суранам жана талап кылам", - деди министр.
"Бүгүнкү гарнизондук саптык кароону атайын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин саммитине карата өткөрдүк. Бул жерде биздин автоунааларды, кызматкерлердин даярдыгын көрдүк. Коопсуздукту камсыздоого саммиттин маалында Чүй жана Бишкек аймактарынан 3 миңдей кызматкер тартылат", - деди Коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыктын башчысы Сапар Асаналиев.