Бишкек мэриясы саммит убагында пландалган митингдерди Горький сейил багында өткөрүүнү суранды

6-7-июнь күндөрү Бишкек шаарында КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгынын астында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммити өтөт. Буга байланыштуу Бишкек мэриясы 6-8-июнь аралыгына пландалган митингдер болсо, Горький сейил багында өткөрүүнү суранды.

Аталган мекемеден кабарлашкандай, бул боюнча Биринчи Май райондук сотунун токтому чыкты.

"Бул иштер биринчи кезекте митингчилердин, шаардыктардын жана коноктордун коопсуздугун сактоо максатында аткарылып жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан