СУПЕРСТАН: "Күйөөӊөрдүн кийимин иниси, агасы кийгенине кандай карайсыӊар?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөӊөрдүн кийимин иниси, агасы кийгенине кандай карайсыӊар?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Менин күйөөм бир туугандардын ортончусу. Кайнагам менен кайним күйөөмдүн кийимдерин аралаштырып кийишкендери мага жакпайт. Ар бири өз кийимдерин кийишсе дейм. Күйөөмдүн сыйга кийчү кийимдерин үйгө кийип салганда аябай ачуум келет".

"Сыйга делген кийимдерди анда-санда колдонуп турушсун. Бирөөнүн сыйга кийчү кийимин үйгө кийип алышканы адепсиздик да".

"Мага да жакпайт, күйөөмдүн кийимин эч кимисине карматпайм, бирок алар деле сурашпайт. Сырткы кийбеген кийимдерин өзү бергиче тийишишпейт. Өзү бергенден кийин алып кийишпесе, өздөрү билип жакын жолошпойт".

"Сиздин ачууӊуз келгени менен, күйөөӊүздүн бир боору да".

"Агамдын кийимдерине жолобойм, бирок жаш кезде кийген учурлар болгон".

"Бойдокчулук кезде ага-ини бириникин бири кийсе болот, бирок үй-бүлө куруп, өзүнчө болгондо тийбеш керек. Андай дейин десең бир тууганы да баары бир, боору тарта берет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (63)
Adyl84kg
2016-06-05 15:46:40
Ал нерсеге туура эле караш керек.Бир туугандар кичинесинен бири бириникин кийип эле чоноюшат да.Бул аялы начар эркектин темасы окшойт.Аялын жакшы болсо тууганга жанашасын,аялын жаман болсо туугандан адашасын!!!
+1
Adyl84kg
2016-06-05 15:48:34
Автор мага жакпайт дейсин,сен эмне айдан тушконсунбу???
-3
Svoboda83
2016-06-05 18:00:23
Adyl84kg,кай жерден окудун автор мага жакпайт деп жазганын? Ал жерде окурмандадын оз билдируулору жазылган автор жазбаган каршымын деп! Одноклассникте олтургандай сого берет окшойсун!!!
0
ALYM_KG
2016-06-05 16:06:03
карочи.. бир акылманга адамдар суроо бериптир, сенин аялын, балан анан биртууганын учоону суу агызып гетип атса биринчи гимисин куткарат елен десе. мен биринчи биртууганымды куткармакмын дептир. а емнеге балан менен аялын агып гетсе мейлиби дешсе аял жолдо бала белде, ал еми биртууганын еч качан кайра болбойт деген екен.
+11
nursultan.91
2016-06-05 16:56:48
ALYM_KG,эн туура
+1
saian.00
2016-06-05 17:57:58
О кудаай мындай жеңелер бир туугандарды да чабыштыргыдайго
+3
chakieva87
2016-06-05 18:32:57
Менин куйоомдун кийми агасына тар инисне чон болуп калат мисалы а батса кие берет да бир курсак чоноюшуп анан болунуп калмак беле эркек кыздарга караганда аз эле кийими болот негизи
+1
kenesh0749
2016-06-05 18:37:05
эхх кана эми менинда кийимимди киетурган менда алардын кийимин киетурган ака укам болгондо
+1
Kani1994
2016-06-05 19:33:43
ар ким ар башка да,МЕН лично оңой менен бирөөнө кийим бербейм жана албайм!
+3
Мэри
2016-06-05 21:31:37
Жакшы жооптор айтылыптыр, ыраазы болдум...
+1
kuzumka
2016-06-05 23:17:08
Жолдошум 4 эркек бир тууган.бири бириникин кийип эле журушот ушуга чейин ойлобопмун деле эмнеге киет деп.менин деле 2 синдим бар бири бирибиздикин киебиз эле.ал гана эмес абысыныма да берем анткени ал жалгыз кыз да бир тууганымдай кором.
+1
Aytur
2016-06-05 23:35:32
Мен кийимин кызганбайм болгону кайнимдин колтугунда колонсосу бар ошондон улам костюм шым койнок жемпир сураса биротоло эле берип сал деп бердирип салам.
Аябай суйунот.
Бул деле бир ооруда кандай гана жаман жыттанат анан кайра алгын келбейт.
Кудайга шугур кемип кеткен жокпуз ал кийимдерден, жакпай калган кийими бере салам кайним бою кыска болгондуктан чак келгенин алып шымдарын кыскартып анан кийет
+1
talant87
2016-06-05 23:56:32
элдик видёдо корсонор аке уко койногун мектепке очирет менен кийип жугуруп жонойт токтука шоктук кылбайлы мусулмандар ойго келгенин отоп
0
BarsBaatyr
2016-06-06 01:49:14
Бир тууганды ынтымак кылган да,душман кылган да аял болот.Менин келинчегим дагы шиши толо баштаганда иниме сын тага баштайт дагы бетке бир шапалак жегенден кийин 6 айга онолот.Мисалы мен аялыма жакындарыма сын такканына жол бербейм жана анын дагы жакындарына сын такпайм.Ал эми кийимге келсек:Артыбызды карасак кечээ эле кандай заманда жашап аттык эле?Кийим алмак бул жакта турсун нанга зар элек.Негизи адамдар жылкы муноз болот экенбиз да,тез эле кооп кетебиз.
+1
Bermet_Kasymova
2016-06-06 02:11:47
Сураса мындай деле берет го. Бирок сураксыз эле кийип алса аялы деле эркеги деле нааразы болот. Тескерисинче ошол аялы куйоосунун кийимдерин караш керек да (жогоруда бироо айтыптыр кийимине кийлигишпегиле деп). Мисалы конокко барсан анан бироо кийиминди кийип койкондоп кетип калса жанын кашаят го. Ошол учун бир тууган болсо да бир ооз сураш керек да. Синдилер деле эжесинин койногун уруксатсыз кийбейт го.
0
kake90
2016-06-06 02:25:18
Башкаларды билбейм мен кийбейм акелеримдин кийимин анкени ал екемки мен оз пешене тер менее кийинем арбитр еркек ошондой кылганы он деп ойлойм
+1
aidar.5115
2016-06-06 06:32:03
Бир туугандык сезимден кытайдын синтетикасы артык болуп кетиптирби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан