Каныкей айым 27 жашта. Ал II топтогу майып болгонуна жана жаш үй-бүлөнүн жашоо шартынын татаалдыгына карабай 3 наристеге өмүр берди. Балдар 5-майда жарыкка келип, алардын бири 8-майда чарчап калган. Жаш эне бир ыйлап, бир күлүп SUPER.KG порталына маек берди. Ал маек учурунда ак халатчандарга эмне себептен ишенбей калганын, 3 баланы бойдо көтөрүп жүрүү кандай бактылуу кылганын, Бишкектен үйлүү болууну кыялданганын, 4 баланы багып жаткан жолдошу тууралуу кеп салды.
"КУДАЙ ООРУЛУУ ЭКЕНИМЕ КАРАБАЙ ҮЧ ЭМ БЕРДИ"
- Мен кичинемден эле талма оорусунан жабыркап, II топтогу майып болуп калгам. Буга карабай үч эм төрөлгөнгө чейин 1 уул, 1 кыз тарбиялап келгем. Кичүү балам 5 жашка чыкканда боюмда болду. 8 апта болгондо УЗИге барсам, үч эм экенин айтышты. Мен "Кудай оорулуу болгонума карабай 3 бала берет экен" деп аябай сүйүндүм. Төрөгөнгө чейин УЗИге 12 жолу түштүм. Ар бир барганда дарыгерден сурап жаттым, "Балдардын тубаса оорусу жокпу?" деп. Дарыгерлер "Жок, 3 балаңыз тең футболист болот. Ичиңизден тебишип жатышат" деп айтып жатышты. Менин санаам тынчып, "Эркек же кыз экенин айтпай эле койгула. Мага үчөө тең аман-эсен төрөлсө болду" деп жаттым.
"МАГА 3 ЭРКЕК ТӨРӨДҮҢҮЗ ДЕШТИ, МЕН БАШ КӨТӨРӨ АЛБАЙ ЖАТА БЕРДИМ"
- Кесарево жолу менен төрөдүм. Биринчи уулум төрөлгөндө көрсөтүп, уул экенин айтып сүйүнчүлөштү. Анан артынан удаа дагы эркек балдар төрөлүштү. Сүйүнүп жаттым, бирок дарынын таасиринен улам баш көтөрө албай, кыймылсыз жата бердим. Ошол күнү балдардан анализ алышыптыр, баары дени сак төрөлгөн. Курсакта жатканда кичине кыйналып калышканын айтып, аппаратка салышты.
"БАЛДАРЫМДЫ ЭМИЗЕЙИН ДЕСЕМ БЕРБЕЙ КОЮШТУ, БИР БАЛАМ ЧАРЧАП КАЛДЫ..."
- Балдарым атайын аппаратта жатышты. 7-майда барсак, эмизбе дешти, себеби дарыгерлер тойгузуп коюшкан экен. Эки бала 10 граммдан сүт ичти, бирөө 8 грамм ичкенин айтышты. Эртеси таңкы алтыда барсак бир баламдын бети көпкөк болуп чыгыптыр. "Кыйналып чыкты түндө" деди дарыгер. Ойлоп көрсөм, балам ошондо өмүр менен коштошуп жатыптыр... Эмнеге курсакта жатканда эмес же төрөлгөн күнү чарчабайт? Эмнеге башка күнү эмес, 8 грамм сүт ичкен күнү чарчашы керек? Бизде дарыгерлер балдарды карайт деген үмүт бар эле... Жакындарым кайрат айтып, тагдырга моюн сунууга чакырып жатышты. Мен катуу таасирленип, кайрадан ал-күчтөн тайдым.
"БАТИРДЕН БАТИРГЕ КӨЧҮП ЖҮДӨДҮК"
- Балдарыма ырымдап ысым ыйгардык. Чарчап калган балага "сабырдуу бололу" деп Абдысабыр деген ат бердик. Экинчисинин атын "чынар теректей өсүп жетилсин" деген тилек менен Чынарбек койдук. Үчүнчүсү Узакбек деген ысымга ээ болду (өмүрү узун болсун деген тилек менен). Жолдошум иштеп, баарыбызды багып жатат. Убактылуу кайнежемдер менен жашап жатабыз. Кызыбыз менен уулубузду айылга чоң ата - чоң энесиникине жөнөттүк. Алар дагы сагынып жатышыптыр. Батирден батирге көчүп жүрүп тажадык. Бала үчүн майда-чүйдөгө кеткен каражатты табат экенбиз, бирок үйдүн жоктугу бир топ кыйнап жатат. Президентибиз бизден кабар алып, жардам берет деген үмүтүбүз бар.
Кошумчалай кетсек, Каныкей Анапияеванын үч эм төрөгөнүн SUPER.KG порталына анын кайын сиңдиси Астра Токталиева кабарлаган. "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө маалымат жиберген Астра редакциялык кеңештин чечими менен май айындагы жеңүүчү болуп табылып, заманбап смартфонго ээ болду.