КСДП фракциясынын кечээ, 3-июнда болгон Улуттук банктын ишмердүүлүгү жөнүндө жыйынында депутат Дастан Бекешев улуттук банкнотту пластиктен жасоону сунуштады.
"Дүйнө жүзүндө кээ бир өлкөлөр көпкө колдонулчу жана акчаны кайра жасатууга кеткен чыгымды азайта турчу пластик купюраларга өтүп жатышат. Кыргыз Республикасында пластик акчаларды колдонуу маселелерин изилдеп көрдүңөр беле?" - деп сурады депутат.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов пластик акчаларды жасоонун технологиясы жаңы экенин, аны дүйнөдө 10 гана өлкө колдонорун айтты.
"Кыргыз сому 100 пайыз пахтадан жасалат, анын бышыктыгын камсыздап турат. Пахта буласынан жасалгандыктан, купюраны көп жолу бүктөгөнгө мүмкүн, ал эми пластик акчаны капчыкка салып пайдаланганда гана көпкө колдонууга болот. Сиз билесиз, бизде акчага кандай мамиле кылышат, аларды бырыштырып чөнтөктөргө салып, тоголоктоп да салышат", - деп жооп берди жана депутатка Улуттук банктын экспертин түрдүү акчалардын сапаттарын көрсөтүүгө жиберерин айтты Абдыгулов.
Мындан сырткары Дастан Бекешев көзү начар көргөн жана көрбөгөндөр үчүн банкнотторду аныктоочу элементтерди кошуу керектигин билдирди. Банктын төрагасы бул маселе каралып, көзү көрбөгөндөр үчүн атайын элементтери бар купюраларды чыгаруучу технологияларга ээ болгон эки өлкөнүн тажрыйбасы изилденип жатканын айтты.