Бүгүн, 4-июнда Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ат майданда райондун 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат. Ага миңдеген тургундар күбө болуп, 50дөн ашык боз үй тигилди. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, анда улуттук оюндар боюнча мелдештер да өткөрүлүүдө. Байгеге автоунаалар коюлган.