Америкалык актриса, режиссёр, сценарист жана фотомодель Анжелина Жоли 41 жашка толду. Ал 1975-жылы 4-июнда АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган. Анын атасы - 1978-жылы "Үйгө кайтып келүү" аттуу фильминдеги ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган белгилүү актёр Жон Войт, ал эми апасы Марселина Бертран убагында модель болгон.
Анжелинанын 2 жашар кезинде ата-энеси ажырашып кетишкен. Ар кандай ушактардан чочулаган апасы Анжелина менен уулу Жеймсти алып Нью-Йорк шаарына көчүп кетүүгө аргасыз болгон.